Австралопитек

Википедия дан

Австралопитек (australis - түштүк, pittus - маймыл) – тукуму курут болгон киши сымал маймыл. Геологиялык курагы плиоцендин аягы менен плейстоцендин башы. Сөөгүнүн калдыгы 1924-ж-дан баштап Африкадагы Олдовай капчыгайында (Танзания), Омо дарыясынын өрөөнүнөн (Эфиопия), Рудольф көлүнүн тегерегинен (Кения) табылган. А-тин денеси анча чоң эмес: болжол менен 120-130 см., салмагы 30-40 кг болгон. Мээсинин көлөмү 500-600 см3. Төрт буттап эмес эки буттап баскан. Өсүмдүк жана жаныбар менен азыктанган. Саваннада, ачык жерде тиричилик өткөзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Bio-stub