Автолиз

Википедия дан

Автолиз, аутолиз (б.-грек. αὐτός — өзүм жана λύσις — бөлүнүү, ажыроо, эрүү) - жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн микроорганизмдердин ткандарынын, клеткаларынын же алардын бөлүктөрүнүн өзүлөрүндөгү эле ферменттердин таасири аркылуу бузулуп, кайра өзүнө сиңирилүүсү. организмде А. бир катар физиологиялык процесстерде жүрөт. Мисалы, метоморфоздо, автотомияда, төрөттөн кийин жатындын инволюциясында, сүт бездериндеги сүт секрециясынын токтолуусунан кийин, сезгенүүдөн жана иммунол. реакциялардан, жансыз (сенек) болгон ткандардын, клеткалардын борборунда, клеткалардагы коркунучтуу жаралуулардын, ткандардын ажыроосунда, ошондой эле ткандарды механикалык майдалоодо байкалат. Микроорганизмдердеги автолиз микробдордун өсүүсүнүн картаюсунда, клеткалардын химиялык, биологиялык, физикалык агенттер менен бузулушунда байкалат. Клеткалардын бөлүнүүсүндө автолиз цитоплазматикалык мембрананын ар кандай бөлүктөрүндө да болот. А. технол. процесстерде – тамекини, чайды, ферментациялоодо , тоюттарды ачытууда жана башка жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]