Автомагистраль

Википедия дан
Швециядагы E4 автомагистра́лы
Германиядагы Автомагистраль

Автомобиль магистралы, автомагистраль — ири өнөр жай жана маданий борборлорун байланыштырып, өз деңгээлинде башка жолдор менен түздөн-түз кесилишпеген жана эл чарбалык зор мааниси бар автомобиль жолу. Автомагистраль шаарларды жана өнөр жай борборун айланып өтө тургандай курулат да, борбор менен атайын жол аркылуу байланышат.
Автомагистраль 1-категориядагы автомобиль жолу үчүн белгиленген нормалар боюнча долбоорлонот жана курулат. Автомобилдердин ар бир багытка карай жолу топурак төгүлгөн жалпы тилкеге же айрым-айрым тилкеге бөлүнүп, аралыгы 5 метрден кем болбоого тийиш. Жүк ташуучу автомашиналар көп жүрүүчү жолдордо автомагистралдын жүк ташуучу, жеңил машиналар жана автобустар жүрүүчү тилкеси өзүнчө жасалат. Жол белгилери жана сигналдары жөнүндөгү эл аралык конвенцияга (Вена, 1968) ылайык автомагистралдын башталышы жана аягы атайын жол белгилери менен белгиленет.
Автомобилдердин жогорку ылдамдыкта коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында жолдун бети өтө жылмакай эмес, бир аз быдырлуу болуп жасалат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.