Автоматика
Автоматика - (гр. automatos өзү аракеттенүүчү) түздөн-түз адам аракети катышпай иштей турган технологиялык процесстерди башкаруучу системалардын теориясын жана түзүү принциптерин камтыган илим менен техниканын тармагы. Автоматтык ишке кирүүчү түзүлмөлөрдүн негиздери 18-кылымда эле белгилүү болгон. Буу казанында суунун белгилүү деңгээлин кармоо үчүн И. И. Ползуновдун (1765) жана буу машинасынын октолгоочунун айлануу жыштыгын турукташтыруу үчүн Дж. Уаттын (1784) жөндөгүчтөрүнүн (регуляторлорунун) баяндамалары сакталып калган. Алгачкы теориялык натыйжалар 19-кылымда пайда болгон. Дж. К. Максвеллдин (1868) жана И. А. Вышнеградскийдин (1872) эмгектери автоматташтырылган жөндөө теориясынын негизин түптөгөн, алардын базасында автоматика илим катары ургаалдуу өнүккөн. Техниканын өзүнчө тармагы катары автоматика дүйнөлүк энергетиктердин 2-конференциясында (1930, Берлин) кабыл алынган. Пайдаланылуучу энергиянын түрүнө карата электр, гидро-, пневмо-автоматика түзүлүштөрү бар. Өндүрүштө электр автоматикасы, шахта өндүрүшүндө пневмо-автоматика колдонулат. Автоматиканын өсүшү теориялык механикага, электр тизмегинин жана системасынын теориясына негизделип, буу казанынын басымын, буу машинасынын бышкегинин (поршенинин) жүрүшүн жөндөөгө, станок-автоматтардын, АТСтин, релелик сактоо түзүлүшүнүн ишин башкарууга байланышкан маселени чечет. Ушуга ылайык автоматиканын техникалык каражаттары иштелип чыккан. Автоматика бири биринен алыс турган объектилерди бир системага бириктирет. Мында автоматтык башкаруучу түзүлүштөр телемеханиканын каражаттары менен байланыштырылат. Байланыш каражаттары, башкаруучу түзүлүштөр жана башкарылуучу объектилер телеавтоматика системасын түзүшөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1