Автоматтык жөндөө

Википедия дан

Автоматтык жөндөө - технологиялык процессти мүнөздөөчү берилген чоңдукту өзгөртпөй кармап туруу же аны адамдын түздөн-түз катышуусусуз белгилүү закон боюнча өзгөртүү жолу. Автоматтык жөндөө жөндөлүүчү объектинин абалын өлчөп, анын жөндөөчү бөлүгүнө таасир берүү менен жүргүзүлөт. Бул үчүн жөндөлө турган орнотмого жөндөгүч туташтырылат. Автоматтык жөндөөнүн негизги принциптери:

  • а) кыйшаюу боюнча жөндөө (Ползунов Уатт принциби);
  • б) жүк боюнча жөндөө (Понселе принциби);
  • в) айкалыштырылган жөндөө.

Жөндөгүчтүн жөндөөчү бөлүккө тийгизүүчү таасиринин кириш чоңдуктарына көз карандылыгынын математикалык жазылышы жөндөөнүн закону же алгоритми деп аталат. Жөндөө системасынын калыптанган кыймыл жана өтмө процесс деген негизги эки режими бар. Эгер жөндөгүчтүн жөндөөчү бөлүккө таасири кыйшаюуга гана көз каранды болсо, жөндөлүүчү чоңдук жүккө көзкаранды болот. Мындай системада дайыма статикалык ката кетет. Бирок ар түрдүү байланыштардын жардамы менен статикалык катасы жок жөндөө системасын да түзүүгө болот. Алгачкы жөндөгүчтөрдүн өлчөгүч бөлүктөрү жөндөөчү бөлүккө таасир бере тургандай кылып жасалган жана түз аракеттүү деп аталып, кубаттуу машинелерде колдонулган. Кийин кыйыр аракеттүү, релелүү терс байланышы бар жөндөгүчтөр чыгарылды. Андан соң реле байланышы үзгүлтүксүз дифференциалдык байланыш менен алмашылды. Мындай терс байланышы бар жөндөө изодромдук жөндөө деп аталып, өнөр жайда кеңири таралган. Жөндөгүчтөрдө электр элементтеринин колдонулушу жөндөөнүн алгоритмдерин жакшыртып, импульстук жана релелүү жөндөөнү өркүндөттү. Чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайыкталган өзү күүлөнүүчү автоматтык жөндөө системалары (экстремалдуу жөндөгүчтөр) пайда болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1