Автостоп менен галактикага кантип барыш керек?

Википедия дан
Автостоп менен галактикага кантип барыш керек?

"Автостоп менен галактикага кантип барыш керек?" (англ. The Hitchhiker's Guide to the Galaxy) (англисче кээде HG2G, HHGTTG же H2G2 деп аталат) — Дуглас Адамстын илимий фантастикалык комедия сериясы. Башында BBC Radio 4тө үналгы комедиялык берүүсү катары чыгып, кийинчерээк сахна көрсөтүүсүнө, романдарга, комикс китептерге, 1981-жылы телесериалдарга, 1984-жылы компьютердик оюнга жана 2005-жылы кинотасмага ылайыкташтырылган. Британ элдик маданиятындагы белгилүү болгон "Автостоп менен галактикага кантип барыш керек?" эл аралык мультимедиа кубулушуна айланган; романдар кеңири тарап, 2005-жылга карата 30дан ашуун тилге которулган.

42

Кенен баяндама Вогон курулуш флоту гипермейкиндик өтмөгүн жасайын дегенде Жер планетасы кыйрап калып, андан соң акыркы тирүү адам Артур Денттин башынан өткөргөн кырсыктарына жетелейт. Жердин кыйрашынан Дентти Форд Префект куткарып калат. Префект адам сымал башка планеталык болот. Ал өтүп бараткан Вогон космостук кемесине автостоп менен чыгып, галактикага чыгуу боюнча "Автостоп менен галактикага кантип барыш керек?" деген таң калаарлык электроникалык саякат нускамасынын жазуучусу болуп иштейт. Дент куткарылгандан кийин Префект менен галактиканы изилдеп жүрүп, Жерден алынып кеткен адам Триллиан менен кайгыга баткан параноид андроид Марвинге жолугуп калат. Триллиан галактиканын президенти Зафод Библброкс жерди кыйратканга чейин алынып кеткен болот. Белгилүү бир сүрөттөлүштөр ар кандай ылайыкташтырууларда өзгөртүлүп кеткен.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]