Дуглас Адамс

Википедия дан
Дуглас Адамс.

Дуглас Ноэл Адамс (англ. Douglas Noel Adams; 1952-жылы 11-март - 2001-жылы 11-май) - англиялык жазуучу, сценарист, эссе жазуучу, юморист, сатирик жана драматург.

Адамс "Автостоп менен галактиканы көздөй" (англ.The Hitchhiker's Guide to the Galaxy) чыгармасынын автору катары таанымал. Бул чыгарма 1978-жылы Би-Би-Си радио комедиясына негизделип, кийинчерээк беш китептен турган үчилтик түрүндө чыккан жана 15 миллиондон ашуун көчүрмөдө сатылган. Ошондой эле бул чыгарманын негизинде телеберүүлөр, пьесалар, комикстер, компүтер оюндары чыккан жана 2005-жылы тасма тартылган. Адамстын Улуу Британиянын радиоберүүсүнө кошкон салымы Радиоберүү сыйлыктарын тапшыруудагы даңк залында эскерилген.

Ал ошондой эле "Дирк Жентлинин детективдик агенттиги" (англ. Dirk Gently's Holistic Detective Agency, 1987), ":Жан-дүйнөнүн узун убакыт чай ичүсү" (англ. The Long Dark Tea-Time of the Soul, 1988), жана биргелешип жазган "Лиффтин мааниси" (англ. The Meaning of Liff, 1983), "Лиффтин терең мааниси" (англ. The Deeper Meaning of Liff, 1990), "Акыркы жолу көрүү мүмкүнчүлүгү" (англ. Last Chance to See, 1990) жана телесериал "Доктур ким" (англ. Doctor Who) үчүн үч окуяны жазган. Буга кошумчалай ал 1979-жылы бул берүүнүн жетинчи сезонуна редактор болгон. Ал каза болгондон кийин 2002-жылы анын бүтпөй калган чыгармалары, романдары "Лососьотун күмөн саноосу" (англ. The Salmon of Doubtin, 2002) аттуу китептте топтолгон.

Адамс ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоочу, тез жүрүүчү унааларды сүйүүчү, технологиялык жетишкендикти жана Apple Macintosh колдонуучусу, ошондой эле "берилген атеист" катары белгилүү болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]