Автоэтнонимдер
Көрүнүш
Автоэтнонимдер - уруулардын, этнографиялык топтордун, элдердин өзүн-өзү атоосу, таанып-билүүсү, энчилүү аты. Мисалы, кытайлар өздөрүн «ханзу» деп аташат; ал эми батышта «чайна», мусулман элдеринде «чин», түрк тилдүү элдерде «кытай», «кыдат» деген аттар менен белгилүү.Венгрлер мамлекетинин атын Хун- гария, өздөрүн «мадярсварош» деп аташары маалым. Венгрия өлкөсүнүн жашоочулары славяндарда «венгр», «мадяр», түрк тилдүү элдерде «мажар» деген этностук аталыштар менен белгилүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Түзгөндөр О. К. Каратаев, С. Н. Эралиев. -Б.: Бийиктик, 2005. 600 б., ISBN 9967-13-159-4