Мазмунга өтүү

Агава

Википедия дан
Америка агавасы; а — гүлү.

Агава (лат. Agáve, грек. Αγαυε — Кадманын кызынын аты, Пенфейдин энеси) — амариллистер тукумундагы өсүмдүк. Сабагы кыска, жалбырактары калың, чети тикенектүү. Чогуу өскөн жалбырактардын орто ченинен гүл сабагы (12 м ге чейин) өсүп чыгат. Гүлү көп. Агава 6—15 жылда бир жолу гүлдөйт. Мөмөсү бышканда, өсүмдүк куурап калат. Мексикада агаванын 300дөн ашык түрү жапайы өсөт. Крымдын түштүгүндө, Кавказдын Кара деңиз жээктеринде парктарда өстүрүлөт. Агаванын көп түрлөрүнүн жалбырактарынан аркан, жип эшип, таар токушат, калдыктарынан кагаз жасалат. Гүлдөө алдында алынган канттуу ширесинен алкоголь ичимдиктер даярдалат. Агаванын кай биринин тамыры медицинада дары-дармек катарында колдонулат. Кыргызстандын парктарында кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.