Агассис

Википедия дан

Агассис - Агасси (Agassiz) Жан Луи Родольф (28.5.1807, Мотье, Швейцария 12.12.1873, Кембриж, АКШ) швейцариялык табият таануучу, Ж. Еювъенин шакирти, Петербург ИАнын чет элдик мүчөсү (1869), 1846-жылдан АКШда бир катар университтердин профессору Гарвард университетинин алдында салыштырма анатомия, биогеография, геология, систематика жана палеонтология боюнча эмгектердин, анын ичинде 5 томдук «Казылып алынган балыктарды изилдөө» (1833 43) деген эмгектердин автору. Түрлөрдүн өзгөрүшүн танып, Ч. Дарвиндин эволюция теориясына каршы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1