Агесилай II

Википедия дан

Агесилай II - (б. з. ч. 444-360) Спартанын падышасы, колбашчы жана дипломат. Б. з. ч.396-394-ж. Кичи Азияда Персияга каршы согушуп, бир катар жеңиштерге жетишкен. Спарта менен Коринфтин ортосундагы согуш башталганда, Агесилай Персияга каршы согушту токтотуп, кайра келген. Б. з. ч. 387-386-ж. Анталкид тынчтыгы боюнча Коринф согушу токтотулган. Анталкид тынчтыгынан кийин Агесилай Грецияда Спартанын үстөмдүгүн орноткон. Спартага зарыл болгон акча каражатын табуу максатында 361-360-ж. Египетке келип, египеттиктердин перстерге каршы күрөшүнө жардам берген жана династиялардын так талашуу үчүн болгон күрөштөрүнө катышкан. Агесилай Египеттен мекенине кайтып келе жаткан жолдо каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1