Аглопорит

Википедия дан

Аглопорит - жеңил бетон үчүн майда көңдөйчөлүү жасалма толтургуч. Ал чополуу тектерди (куймалуу чопо, чополуу кум, лёсс сымал чопо) жана сланецтүү көмүрдү казуудан, ылгоодон, күйгүзүүдөн калган таштандыларды (күл, шлак) 1400-1500 С температурада иштетүү аркылуу алынат. Мында көзөнөкчөлүү жеңил катмар пайда болот жана ал муздаганда майдаланып, шагыл менен кумга айланат. Аглопориттен үйдүн негизги жөнөкөй тосмолору, жылуулук өткөрбөөчү толтургучтар үчүн конструкциялар жана конструкциялык-жылуулук өткөрбөөчү бетон (анын орточо бышыктыгы 20-30 МПа) даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

[[Категория:Курулуш материалдары]