Агрардык илимдер

Википедия дан

Агрардык илимдерайыл чарба өндүрүшүн, азык-түлүктөрүн кайра иштетүү тармагын илимий, илимий-инновациялык жактан камсыз кылуучу жана кеңеш берүүчү илимдер комплекси. Агрардык илимдердин илимий изилдөө натыйжаларын өндүрүшкө жайылтуучу колдонмо (практикалык) илимдер тармагына кирет. Агрардык илимдердин теориялык негизин биология, генетика, химия, физика, топурактаануу, метеорология, география ж. б. табигый илимдер түзөт. Агрардык илимдер шарттуу түрдө агрономия, зоотехния, ветеринария, инженердик-техника жана агро-экономика болуп бөлүнөт. Кыргызстанда агрардык илимдер негизинен Мекентаануу институтунун топурак-ботаника жана зоотехния станцияларынын базасында Мал чарба илимий-изилдөө институту (1931) уюшулгандан баштап өнүгө баштаган. Республиканын агро-өнөржай комплексин илимий жактан камсыздоо ишин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборунун илимий-изилдөө институттары аткарып, тажрыйба жүргүзүү иштери 11 мамлекеттик асыл тукум мал заводдорунун, 7 алгачкы үрөнчүлүк чарбаларынын базасында жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1