Агрардык партия

Википедия дан

Агрардык Партия мамлекеттик официалдуу каттооодон 1993-ж. 26-ноябрда өткөн. Агрардык партия дыйкандардын кызыкчылыгын көздөйт жана коргойт, агрардык реформаны ишке ашырууну, рынокту арзан азык-түлүк менен толтурууну максат кылган партия. Агрардык партиянын программасына жана Уставына ылайык төмөндөгүдөй милдеттери бар: – коллективдүү чарбалардын эмгекчилерин, фермерлерди, арендаторлорду, заводдун жумушчуларын, токойчуларды, мугалимдерди жана партиянын планын ишке ашырууну каалагандардын бардыгын өз катарына тартуу; – мамлекеттик уюмдардын кароосуна зарыл болгон сунуштарды киргизүү; – айылдын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдын чегинде ар түрдүү коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүү; – агрардык реформанын ишке ашырылышына көмөктөшүү жана ал процесстин иреттүүлүгүнө жетишүү ж. б. «Токой жөнүндөгү мыйзамды» иштеп чыгуу зарыл деп эсептешет. Сууну, ирригациялык курулуштарды рационалдуу пайдалануу. «Суу жөнүндө мыйзамдын» кабыл алынышын сунуш кылат. Кыргыз Республикасында жер жана агрардык реформаны тереңдетүү боюнча кабыл алынган мамлекеттик указдардан кийин Агрардык партиянын ишмердүүлүгүндө бир топ жандануулар болду. Республиканын ондон ашуун райондорунда баштапкы партиялык уюмдары түзүлгөн. Мамлекеттик бийлик структурасы менен тыгыз байланышта иш алып баруу Агрардык партияга мүнөздүү белгилердин бири.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9