Агрессия (саясат)

Википедия дан
Агрессия‎»‎ барагынан багытталды)

Агрессия (саясат) - (лат. aggressio кол салуу) (эл аралык укукта) мамлекеттер аралык мамиледе мыйзамды бузуп күч колдонуу. 1974-ж. 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган аныктама боюнча, мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверенитетине, территориясынын кол тийбестигине же саясий көз каранды эместигине карата куралдуу же БУУнун Уставына дал келбеген күч колдонуу. Күч колдонуу ыкмасы боюнча тике жана кыйыр болуп бөлүнөт. Жогорудагы аныктама Агрессияга кошо катышуу сыяктуу өзгөчө жагдайды да камтыйт (мисалы, өз территориясын агрессиялык иш-аракет жүргүзүү үчүн берүүсү). Агрессиянын өзгөчө кооптуу формасы болуп куралдуу күч колдонуу эсептелет. Ал эл аралык кылмыш катары баалануу менен эл аралык жоопкерчиликке тартылат. Агрессиянын натыйжасында тартылып алынган территориялар же башка олжолор (аннекциялар) мыйзамдуу боло албайт. Агрессиянын жасалышы тууралуу фактыны тактоо укугу БУУнун Коопсуздук кеңешине таандык. Мисалы, 1990-91-жылдардагы Кувейтке каршы агрессияга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши Иракка каршы олуттуу санкцияларды берген. Ал экономикалык, идеологиялык, психологиялык же башка формаларда болушу мүмкүн.

See also[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1