Агрономиялык кенташтар

Википедия дан

Агрономиялык кенташтар – (агрономиялык сырьёлор) жер кыртышын жакшыртуу үчүн минералдык жер семирткичтер алынуучу тоо тектер. Агрономиялык кенташтарга: фосфат (апатит кенташы жана фосфорит), калий (калий туздары), азоту бар айрым тоотектер, күкүрт (нефть жана табигый күйүүчү газдарды тазартууда, коксохимиялык газдардын таштандыларында, түстүү металлургияда жана күкүрт кенташтарында) ж.б. металл эмес пайдалуу кендер, тикеден-тике керектелүүчү (алдын-ала майдалоодон кийин) мирабилит, бишофит, цеолиттер, торф, сапропел, гипс, карбонат тектери, чопо, кумдуктар ж. б. (жерг. А. к.) кирет. Микрожерсемирткичтерди алууда кайрадан иштетилген жез, цинк, кобальт, молибден, марганец жана бор кенташтарынын калдыктары колдонулат. Термин 1921-ж. Я. В. Самойлов тарабынан киргизилген. Фосфаттын дүйнөлүк чалгындалган сырьёсунун запасы (Р2О5) 100 млрд о (95%и фосфорит менен байланыштуу), калий тузу (К2О) 13,2 млрд о, күкүрт сырьёсу 1,1 млрд 0 (таза түрүндөгүсү) ж-а 1,3 млрд 0 (нефть жана газ түрүндөгүсү).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1