Агротехника

Википедия дан

Агротехника – (агро..., гр. technё – устаттык, билгичтик) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы жана дыйканчылык технологиясы. Агротехниканын негизги милдети эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек жана каражат жумшоо менен эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал айыл чарба өндүрүшүнө илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, айыл-чарбасын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жана автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. Агротехника ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү жана тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдет жана зыянкечтерине каршы күрөшү да кирет. Алгачкы замандарда агротехника. өтө жөнөкөй курал-шайманга жана кол эмгегине негизделген. 19-кылымда эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн илимий жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы жана жерсемирткичти пайдалануу, айыл чарбасын туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары жөнүндөгү илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. Трактордун пайда болушу менен (1925-26) кээ бир агротехникалык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо механикалаштырылган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор менен камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан талааны жалпы жана себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы жана вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо жана башкалардан турган агротехникалык комплексти пайдалануу талап кылынат (к. Айдоо). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурак-климат өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мис., жаан-чачыны аз райондордо топуракта ным топтоого көңүл бурулат. Жерди туура которуштуруп, өсүмдүктөрдү эгүү менен гана Агротехникалык ыкмалар комплексинин натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо Агротехника менен айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт жана айыл чарба азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1