Агулак көмүр кени

Википедия дан

Агулак көмүр кени Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш шаарчасынан 11 км чыгыш тарапта, Түндүк Кабак тоосунун түштүк капталында. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1947–48, 1950–52-жылдары геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кендин аймагы юра мезгилине таандык «тууракабак», «кызылсөөк», «агулак» деп аталган геол. свиталардан түзүлгөн. Кен «тууракабак» менен «агулак» свиталарындагы 13 көмүр катмарынан турат. Алардын калыңдыгы 3,4–51,2 м. Көмүр күкүртүү, күлү аз. Жалпы запасы 61566 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]