Агөлөң сиенит кени

Википедия дан

Агөлөң сиенит кениЫсык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 18 км түштүктө, Агөлөң кыштагынан 4 км түшүк-батыш тарапта, Оттук тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1720-1860 м бийиктикте жайгашкан. 1974-75-ж. геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы таш көмүр мезгилинин аягы-пермь мезгилинде пайда болгон сиенит тоотектеринен түзүлгөн. Кен ири кристаллдуу сиенит штогунан турат. Штоктун узуну 230 м, туурасы 100-130 м. Ири кристаллдуу сиенит боз, көгүлтүр жана бозомук кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын эң коозу жана кубулжуп көрүнгөнү анортоклаз. Ал башка кристаллдарга караганда бир нече эсе чоңураак келип, сиениттин порфир сымал негизги структурасын түзөт. Мында ири кристаллдар 15-60% . Алардын узуну 30 см, туурасы 8 смге жетип, жылмаланган таштын бетин караганда күнгө кубулжуп, кооздугу менен асылдуулугун арттырат. Блоктордун чыгышы 64,7%ти түзөт. Калыңдыгы 40 мм болгон даяр такталардын чыгышы 9,9 м23. Уз. 1-2 мге жеткен бышык жана жакшы жылмаланган такталар алынат. Кендин запасы А категориясы боюнча 356,6 миң м3, Б 595,1 миң м3, С^390,9 миң м3. Алар менен имараттардын ички жана сырткы дубал беттерин каптап кооздосо болот. Ал эми кубулуп турма кооз кристаллдар майда асем буюмдарды жасоого жарактуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1