Адабий тил

Википедия дан

Адабий тил ― белгилүү бир адабий нормага салынган жалпы элдик тилдин жогорку формасы. Адабий тил айтылышы жана жазылышы такталып, жалпыга бирдей кодификацияланат жана стилдик жактан кеңири жиктелип, оозеки жана жазуу түрүндө колдонулат. Ал коомдук жана функционалдык статусу боюнча улуттук тилдин калган формалары говор, диалектилерден кескин айырмаланып, белгилүү даражада регламенттелген мүнөзгө ээ коомдук-социалдык жана тарыхый-маданий кубулуш болуп саналат. Адабий тилдин жаралышы, өнүгүшү жана калыптанышы коомдун жалпы өнүгүшүнө жана ошол элдин жалпы маданиятынын деңгээлине жараша аныкталат. Адабий тил бир нече диалектинин базасында, жалпы элдик, улуттук жана мамлекеттик тилдин негизги формасы. Кыргыз адабий тили кыргыз тилинин жалпы элге орток белгилеринин негизинде Октябрь революциясына чейин эле алгач оозеки, кийин жазма формада жаралган. Кыргыз адабий тилинин өнүгүү, калыптануу процесси уланууда.

Адабий тил жазма жана оозеки түргө бөлүнөт. Жазма түрүнүн ченемдери басма сөздө: газета, журнал, китеп жана башка колдонуу менен орфографиялык, пунктуациялык эрежелер аркылуу белгиленип, оозеки сүйлөө ченемдери окуу жайларындагы лекцияларда, радио, театрда, теле көрсөтүүлөрдө жана башка сүйлөнүп, орфоэпиялык эрежелер аркылуу жөнгө салынат. Адабий тилдин калыптанышында көркөм адабияттын, асыресе көркөм сөз чеберлеринин ролу чоң. Жазма түрүнүн ченемдери, гезит, журнал, китеп жана башка басма сөздө колдонуу менен орфографиялык, пунктуациялык эрежелер аркылуу жазылат; ошондой эле анын оозеки сүйлөө эрежелери окуу жайларындагы лекцияларда, радиоберүүлөрдө, театрда, телекөрсөтүүлөрдө жана башка учурларда сүйлөнүп, орфоэпиялык эрежелер аркылуу жөнгө салынат.

Булактарга шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1