Адамноо

Википедия дан

Адамноо — жомоктук жапайы адам, киши кийик, адам кебетелүү айбан. "Манас" эпосунда Манас баатыр алтымыш жигит кошчу менен салбырынга чыккан Арпа тоосунда көп түрдүү жапайы жаныбарлар жана укмуштуу айбанаттар бар экени баяндалат. Алардын ичинде А. да аталат: Алаткак, жезит дагы бар, Тумшугу жез киши бар — Убара, чаркоо дегени Адамноо, чыңыроон Айтылгандын баары бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4