Адам укугу жана эркиндиги

Википедия дан

Адам укугу жана эркиндиги ― адамга табият берген жана мамлекет тарабынан корголуп жана кепилденип турган укуктар. Бул укуктар ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык болуп, мыйзамдык чектөөлөрдөн жана мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз аракет кылат. Буларга – жашоо жана дененин кол тийбестиги укугу, кишинин кадырын сыйлоо, мыйзамсыз камоо жана кармоодон эркин болуу, ишеним жана абийир эркиндиги ж.б. кирет. Инсандын укугу жана эркиндигинин өтө кеңири комплексин, алардын ар кандай түрлөрүн өзүнө камтыйт: жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий укуктар. Индивиддик жана коллективдүү укуктардын булардан башка да түрлөрү бар.

Эң жогорку коллективдүү укук – бул көз каранды эмес мамлекетти түзүү укугу. Эгер бул укукту ишке ашыруу мүмкүн болбосо, анда мектептерде эне тилинде окутуу же белгилүү бир райондордо өз тилин расмий тил катары мыйзамды бекитүү үчүн күрөшүү ж.б. Коллективдүү укук көп улуттук мамлекеттердеги этностук азчылыктардын аракеттерине мүнөздүү. Адам укугу жана эркиндиги «тепселген» өлкөлөрдө коллективдүү укук курч мүнөздө болуп, ички карама-каршылыктарга алып келет[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9