Адам экологиясы

Википедия дан

Адам экологиясы, антропоэкология - адамдын көп компоненттүү, дайыма татаалдашып турган динамикалуу жашоо чөйрөсү менен өз ара карым-катнашын комплекстүү изилдөөчү илим; социалдык экологиянын бир бөлүгү. Анын негизги максаты адамдын иш-аракетинин натыйжасы менен өндүрүштүк-экономикалык, атайын өздөштүрүүнүн жана табигый ландшафттын өзгөрүүсүнүн законченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтүү, анын зыяндуу кесепеттерин алдын алуу менен болтурбоо чараларын көрүү. Терминди америкалык окумуштуулар Р. Парк жана Э. Бюргесс киргизген (1921). Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосу боюнча адам оорусунун ¾ бөлүгү курчап турган чөйрөнүн экологиялык бузулушу менен байланыштуу. Айлана-чөйрөгө түрдүү антропогендик уулуу заттардын ашыкча топтолушунан ар кандай оорулар пайда болот. Мисалы, Японияда «Минамата» (сымаптын кошулмаларынын көбөйүшү), «Итай-Итай» (кадмийдин көбөйүшү), чернобыль оорусу (радиоизотоп йод -131) жана башка. Курчап турган өнөр жайлуу борборлордун калкы өзгөчө жапа чегүүдө. Кийинки кездери шаар тургундарынын арасында онкология оорулары көбөйүүдө. Ал чөйрөнүн булганышы, социалдык-экономикалык факторлор (алкоголь, гормондук бузулуу, тамак-аштын начарлашы жана башка) менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1