Адана
Көрүнүш

Адана шаары, Сейхан - Түркиянын түштүгүндөгү шаар; Адана илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Сейхан дарыясынын боюнда жайгашкан. Биздин заманга чейин 63-ж. Рим колбашчысы Гней Помпей негиздеген. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн Рим менен байланыштырган аскер жолундагы таяныч пункту. Калкы 1,2 млндон ашык (2003). Пахтачылык өнүккөн маанилүү райондун соода жана өнөр жай борбору. Машина куруу, текстиль, химия, кагаз, полиграфия, тамак-аш, жыгаччылык, мебель, цемент өнөр жайы, университет бар. Чоң таш көпүрө (6-к.), капка калдыгы (782-ж.) сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
| Борбор | Анкара | |
|---|---|---|
| Шаарлары | Агры • Адана • Адапазары • Адыяман • Айдын • Аксарай • Аланья • Алашехир • Амасья • Анкара • Антакья • Анталья • Ардахан • Артвин • Афьонкарахисар • Байбурт • Балыкесир • Бартын • Батман • Бергама • Биледжик • Бингөл • Битлис • Бодрум • Болу • Бурдур • Бурса • Ван • Газиантеп • Гелиболу • Гиресун • Гүмүшхане • Денизли • Жейхан • Диярбакыр • Дүзже • Зонгулдак • Измир • Измит • Изник • Искендерун • Йозгат • Кайсери • Карабюк • Караман • Карс • Кастамону • Кахраманмараш • Кемер • Килис • Конья • Кушадасы • Кыркларели • Кыршехир • Кырыккале • Кютахья • Малатья • Манавгат • Маниса • Мардин • Мармарис • Махмутлар • Мерсин • Мугла • Муш • Невшехир • Нигде • Орду • Османие • Ризе • Самсун • Сивас • Сиирт • Синоп • Стамбул • Тарсус • Текирдаг • Токат • Трабзон • Тунжели • Ушак • Фетхие • Хаккяри • Чанаккале • Чанкыры • Чорум • Шанлыурфа • Ширнак • Ыгдыр • Ыспарта • Эдирне • Элязыг • Эрегли • Эрзинжан • Эрзурум • Эскишехир • Ялова | |