Адат

Википедия дан

Адат – дайыма кайталанып туруучу иштин түрүн аткарууда улам автоматташып жана талапка айланып кеткен иш-аракет. Мына ушул жагынан ал машыгуудан (навык) жана билгичтиктен (умение) айырмаланат. Көндүм болгон талаптар аткарылбаса, адам өзүнө ыңгайсыз, жагымсыз болгон абалды сезип турат. Бул баш мээдеги шарттуу рефлекстин калыптанышына негизделген. Адат тескери (өзүнө, чөйрөгө зыяндуу) жана оң (бардыгына жагымдуу) болушу мүмкүн. Мисалы, чылым тартуу, кумар ойноо – терс адат. Оң адаттар – спорттук көнүгүүлөр, тазалык көндүмдөр, кайсы бир эмгектин түрлөрүн так, сапаттуу аткаруу, кандайдыр жүрүм-турум эрежелерин колдонуу, сактоо көндүмдөрү. Оң адаттартар жекече жана коомдук турмушта адамдын жашоосун жеңилдетет. Аларга эмгектенүү ыктарынан калыптанган адаттартар кирет. Ал ар кичине жаш куракта педагогдун жана ата-эненин системалуу аракетинен улам өнүгөт. Ошондой эле оң адаттын калыптанышы үчүн үй-бүлөдөгү чоң адамдарды, мектепте педагогдорду туурап эмгектенүү да чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97