Адашбаев Турсунбай Шакирович
Турсунбай Шакирович Адашбаев (өзб. Tursunboy Adashboyev) (1931-ж.т.) - белгилүү өзбек акыны жана котормочусу. Өзбекчеден кыргызчага жана кыргызчадан өзбекчеге арбын китеп которгон.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Турсунбай Шакирович Адашбаев 1939-жылы 1-январда Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Мазар (Гүлстан) кыштагында колхозчунун бүлөсүндө туулган.
1957-жылы айылындагы "Кызыл" орто мектебин аяктаган.
1963-жылы Ташкен мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин аяктаган.
1980-82-жылдары Маскөөдө СССР Жазууучулар Биримдигинин Жогорку адабий курсунун угуучусу болгон.
1963-73-жылдары жана 1977-79-жылдары Ош шаарындагы "Ленин йули" гехитинид адабий кызматкер болуп иштеген.
1973-77-жылдары Ош облусунун сыналгы-үналкы комитетинин редактору болгон.
1987-жылдан Ташкен шаарында иштейт. Мында ал "Йулдузча" басмасынын редактору болуп да далай жылдар иштеди.
Адабий чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1957-жылдан бери чыгармалары жарык көрүп келет.
Кыргыз жана өзбек тилдеринде эркин жазат.
Анын туңгуч ырлар китеби ("Камалдын алмасы") 1964-жылы өзбек тилинде чыккан.
1972-жылы «Ала-Тоолук боломун» деген китеби кыргызча жарык көргөн.
Котормочулук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал ошондой эле котормо жанрында да белсенип иштеп келе жатат. К.Чуковскийдин, С.Маршактын, Токтогулдун, Тоголок Молдонун, С.Эралиевдин, С.Жусуевдин, Т.Касымбековдун, Ж.Мавляновдун чыгармаларын өзбек тилине которгон.
Турсунбай Адашбаев далай кыргыз акын-жазуучуларынын 40ка жакын чыгармасын өзбекчеге которуп жарыялаган.
Алардын арасында "Манас" дастанынын кара сөз баяны, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы да бар.
Коомдук иши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Турсунбай Адашбаев кыргыз жана өзбек элдеринин боордоштугун чыңдоодо данакерлик кызматты ырааттуу аркалап келет.
1965-жылы КПССтин мүчөсү болгон.
1966-жылы СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон.
Кыргыз тилиндеги чыгармаларды өзбекчеге которгону үчүн анын дарегине далай жылуу сөздөр айтылган.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1993-жылы Өзбекстан элге билим берүү мыктысы наамын алды.
1999-жылы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алды.
1999-жылы Өзбекстандын "Достук" орденин алды.
1995-жылы Кыргызстандын "Манас" ордени менен сыйланды.
Чыгармаларынын кыскача тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилиндеги китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ала-Тоолук боломун: Ырлар,— Ф.: Мектеп, 1972.— 19 б.
- Сурнай: Ырлар жана баллада. — Ф.: Мектеп, 1984.— 28 б.
Өзбекче чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Камолнинг олмаси: Шеьрлар. «Kamolning olmasi», — Ташкент: Ёш гвардия, 1964.— 25 с. — өзб.
- Биз сайохатчилар «Biz sayohatchilar". (Мы путешественники): Стихи. — Ташкент: Ёш гвардия, 1966. — 35 с. — өзб.
- Арсланбоб шоркиратмаси / Водопады Арсланбоба: Стихи. — Ташкент: Ёш гвардия, 1969. — 30 с. — өзб.
- Нур-Дарья: Поэма, стихи. — Ташкент: Ёш гвардия, 1974. — 340 с. — өзб.
- «Olatogʻ-lolatogʻ» (1978),
- «Joʻnataman quyoshni» (1982),
- Волны Акбуры: Стихи, сказки, баллады. — Ташкент: 1985. — өзб.
- «Arslonbob afsonasi» (1988),
- «Uch boʻtaloq va sirli qovoq» (1990),
- «Topishmoqli alifbe» (1997).
Балдарга арналган китептеринен
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Башка тилдердеги чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Подарок: Стихи. — Ташкент: Юлдузча, 1986. — 52 с.
Котормолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сборник стихов киргизских поэтов. — Ташкент: Гафур Гулям, 1970. — 40 с.
- Умсталисп Т. Поющий жаворонок. — Ташкент: Гафур Гулям, 1972, — 50 с.
Ал тууралуу адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- R. Barakaev. Jonajonim sheʼriyat. Monografiya. - T.;Choʻlpon, 1997.
- Z. Isomiddinov. Dil koʻprigi. Maqola. // «Jahon adabiyoti» 1998, 12-son.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/kp2/akyndar/section112.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://literator.co.kg/23-adashbaev-tursunbay-shakirovich.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://literatura.kg/news/716
- http://www.welcome.kg/ru/kyrgyzstan/culture/jjkuu Archived 2012-06-12 at the Wayback Machine
- http://www.biblus.ru/Default.aspx?book=3j2669d1(жеткиликсиз шилтеме)