Ахмед Йүгнеки
Ахмед Йүгнеки, Йүгнеки Адиб Ахмед ибн Махмуд (12-кылымдын аягы, Түркстандын чет жакасында - 13-кылымдын башы, ошол эле жерде) акын, ойчул. Йүгнаки шаарында туулуп (Самарканга жакын) өскөн. Тубаса көзү азиз бала жаштайынан илим-билимге умтулуп, түрк тилдери менен араб тилин жакшы өздөштүргөн, ошондуктан ал «Адиб Ахмед» деген атка ээ болгон. Шарият эрежелерин изилдеп-таанып, билимин тереңдеткен. Ахмед Йүгнекинин өмүр жолу жөнүндө так маалымат жок. Ислам баалуулуктарына негизделген майда ырлары «Акыйкат сыйы» аттуу дидактикалык ырлар жыйнагына топтолгон. «Акыйкат сыйы» мазмуну жагынан Абу Наср ал-Фараби, Махмуд Кашгари, Ж. Баласагуни, Кожо Ахмет Яссавинин эмгектери менен катар 913-кылымдын аралыгындагы түрк дүйнөсүнүн рухий казынасына айланган. Бул поэманын 14-15-кылымда жазылган үч түрдүү көчүрмөсүнөн үч түрдүү үзүндүлөр азыр Стамбулдагы Айя-София (ЫйыкСофия) китепканасында, Берлин китепканасында сакталып турат. Стамбулдагы араб жазуусу менен көчүрүлгөн нускасы прозалык, поэтикалык котормосу менен казак тилинде 1985-жылы Алматыда «Илим» басмасында жарык көргөн. Поэмада адамдарды терс сапаттардан алыс болууга үндөө, өмүрдүн кыскалыгы, кайталанбай тургандыгы баса белгиленет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1