Адрианов Александр Васильевич

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Адрианов Александр Васильевич (1854-1920), орус археологу, тарыхчы, этнограф жана коомдук ишмер, таанымал сибирь таануучу, Минусин аймагын жана хакастардын тарыхы, этнографиясы боюнча изилдөөлөрү белгилүү. Сибиртаануучулар жана областчылар кыймылын негиздеген илимпоздор Г.Н.Потанин, Н.М.Ядринцевдин окуучусу болгон. А.В.Адрианов 1854-ж. Тобольск губерниясына караштуу Белозёр кыштагында дин кызматкеринин үй бүлөсүндө туулган. Анын жети эже-карындашы болгон.1874-ж. Тоболь гимназиясын аяктаган А.В.Адрианов Санкт-Петербургдагы Медициналык академияга тапшырып, СПБунун физика-математика факультетинин экинчи курсуна которулуп, аны 1879-ж. бүтүрүп чыгат. Болочоктогу изилдөөчүгө “Сибирь сепатаризми” боюнча күнөөлөнүп жатышкан Г.Н.Потанин, Н.М.Ядринцевдер зор таасир этишкен жана кийинки тагдырына бурулуш жасашкан инсандар болушкан. 1879-ж. Г.Н.Потаниндин Түндүк-Чыгыш Монголияны изилдеген экспедициясына катышкан, ошол эле жылы ИРГОнун мүчөсү болуп калган. 1881-1883 жж. ИРГОнун тапшыруусу менен Алтайга ахеологиялык-этнографиялык экспедиция уюштурат. 1887-1889 жж. Томск, Нарым аймактарын изилдөөгө катышат. А.В.Адрианов 1880-1905 жж. Минусинск, Красноярск жана Иркутскиде жашаган, изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Мамлекеттик кызматты изилдөө иштери менен айкалыштырып, археологиялык казууларды жүргүзгөн, гербарийлерди жыйнаган. Минусинск шаарындагы музейди негиздеген Н.М.Мартьяновдун биографиясын жыйнап, кагаз бетине түшүргөн. Бул музейде енисей кыргыздары боюнча өтө бай коллекция топтолгон. “Сибирь газетасы” менен кызматташкан жана анын редактору болгон А.В.Адрианов енисей кыргыздарына таандык атактуу “Сибирские писаницы” аттуу байыркы жазма-чийме галлереясын эң алгач ачып, илимге кабар берген окумуштуу катары белгилүү. 1889-ж. тартып полициянын аңдуусунда болгон. 1913-ж. Нарымга, 1914-ж. Минусинск аймагына сүргүнгө айдалат. Сүргүндө жүргөн А.В.Адрианов Минусинск аймагында хакастардын ичинен фольклордук маалыматтарды жыйнай баштаган. Хакастардын тарыхын, этнографиясын изилдеген окумуштуу Хакас-Минусин ойдуңунда бир катар археологиялык казууларды ишке ашырат. 1915-1916 жж. Урянхай крайына (Тува) экспедиция уюштурууга жетишет. А.В.Адрианов жаңы келген Совет бийлигине каяша чыгып, өзүнүн көз карашын газетага байма-бай жарылап турган. 1919-ж. декабрында больевиктердин ЧК иарабынан камакка алынып, 1920-ж. март айында Колчакты колдоду деген кине менен 66 жаштагы окумуштууну атууга өкүм кылышкан.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Адрианов А.В. К археологии Западного Алтая. Из поездки в Семипалатинскую область в 1911 г. // Известия Алтайского края. Вып.2. Пг., 1916. С.1.
  2. Адрианов А.В. Д.В. Клеменц // "Сибирская жизнь". 1914. ©4. С.2.
  3. Адрианов А.В. К биографии Г.Н. Потанина // Сборник к 80-летию дня рождения Григория Николаевича Потанина: Избранные статьи и биографический очерк. Томск, 1915. С. III.
  4. Адрианов А.В. Курганография Сибири. Обращение ко всем любителям старины и изучения края. Томск, 1884. 6 с.
  5. Адрианов А.В. Н.М. Ядринцев (кусочек воспоминаний) // "Сибирская жизнь" от 22 июня 1919 г. С.2.
  6. Адрианов А.В. О шаманстве // Архив МАЭС ТГУ. Фонд А.В. Адрианова. Папка 22. Л. 63-78.
  7. Адрианов А.В. Об орнаменте у сибирских инородцев // Труды Всероссийского съезда художников в Петрограде, декабрь 1911 - январь 12 г. Т.1. Пг., 1914. С. 102-108.
  8. Адрианов А.В. Периодическая печать в Сибири. Томск, 1919. С.1.
  9. Адрианов А.В. Пробуждение инородческого Алтая // "Сибирская жизнь" от 24 ноября 1917 г. С.2.
  10. Адрианов А.В. Путешествие на Алтай и на Саяны, совершённое в 1881 г. по поручению Императорского Русского Географического общества А.В. Адрианов. - Б.м.: Б.и., 1888. - 140 л., [8] л. ил., 1 карта // Записки императорского Русского Географического общества. 1888. Т.11. С. 145-422.
  11. Адрианов А.В. Путешествие на Алтай и за Саяны, совершённое летом 1883 г. по поручению Императорского Русского Географического общества и его Западно-Сибирского отдела членом-сотрудником А. Адриановым. Омск, 1886. 165 с.: ил., черт. (Зап. Зап. - Сиб. отд. РГО; Кн.8. Вып. 2).
  12. Адрианов А.В. Путешествие члена сотрудника А.В. Адрианова в кузнецкий край // Изв. РГО. СПб., 1881. Т. 17, вып. 4. С. 39-46.
  13. Адрианов А.В. Русские сказки и песни в Сибири и другие материалы / Под ред. А. В. Адрианова // Зап. Краснояр. подотдел Вост. - Сиб. отд. Рус. геогр. о-ва по этнографии. Красноярск, 1902. Т.1, вып. 1. С. 1-199.
  14. Адрианов А.В. Северные предгорья Алтая. Кузнецкий край // живописная Россия. СПб., 1884. Т.11. С.273-302.
  15. Срезневский В.И. Отчёт Русского географического общества за 1881 г. СПб., 1882. 199 с.
  16. Дэвлет М.А. 140 лет со дня рождения исследователя Алтая А.В. Адрианова (1854-1920) // Страницы истории Алтая. 1994 г. Барнаул, 1993. С. 91-101. Библиогр.: с. 94-101.
  17. Дэвлет М.А. первые экспедиции: (К 75-летию А.В. Адрианова Третьи исторические чтения памяти М.П. Грязнова: Докл. Всерос. науч. конф. (20-22 марта 1995). Омск, 1995. Ч.1. С. 30-34.
  18. Дэвлет М.А. В "Сердце Сибири": [Об исслед. и издат. деятельности А.В. Адрианова в Сибири в 1884-1895 гг.] // Археология Сибири: историография и источники. Омск, 1996. С. 4-56. Библиогр.: С. 51-56.
  19. Дэвлет М.А. Александр Васильевич Адрианов: (к 150-летию со дня рождения):/ М.А. Дэвлет. Кемерово: Кузбассвузиздат, 2004. 64 с.
  20. Дэвлет М.А. А.В. Адрианов и Алтай // Altaica. 1994. ©4. С. 45-50.
  21. Дэвлет М.А. Александр Адрианов и Тува. Начало пути // Башкы. 1994. ©2. /8/. С.73-78.
  22. Скубневский В.А. Адрианов // Энцикл. Алтая. Барнаул, 1997. Т.2. С.12.
  23. Тишкин А.А. Начальный этап накопления сведений об археологических находках раннескифского времени на Алтае // Алт. сб. Барнаул, 1997. Вып. 18. С. 245-248.
  24. Адрианова М.А. Биография А.В. Адрианова // Архив МАЭС ТГУ. Фонд А.В. Адрианова. Папка 3. Л. 56.
  25. Архив Музея археологии и этнографии Сибири ТГУ. Фонд А.В. Адрианова.
  26. Центральный исторический архив Г. Санкт-Петербурга. Ф. 14. Оп. 3. Ед. хр. 18321.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015