Адуатуктар

Википедия дан

Адуатуктар — Белгиканын чыгыш бөлүгүндө (Маас менен Рейндин ортосунда) жашаган байыркы герман уруусу. Юлий Цезарь боюнча адуатуктар кимвр жана тевтон урууларынан тараган. Цезардан жеңилгенден кийин адуатуктар жазуу булактардан жоголот. Балким, аман калгандар Маастын сол жээгинде, азыркы Льеж жана Намюрдун жанында жашаган тунгр уруулук тобунун пайда болушуна салым кошушкан. Тунгрлар рим аскерлерине каршылык көрсөтүшкөн.

Адуатуктардын негизги конушун Цезардын Сабин жана Котт легаттары курман болгон эбурон өлкөсүндөгү Адуатука чеби менен чаташтырбоо керек.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]