Адъективация

Википедия дан

Адъективация - (лат. аdjectivum - сын атооч) башка сөз түркүмдөрүнө тиешелүү сөздөрдүн сын атоочтук милдетте колдонулушу (мисалы, жалпылоочу маани, самаган максат, ошол окуя ж. б.). Адъективация термини көбүнесе атоочтуктарга карата колдонулат, себеби башка сөз түркүмдөрүнө караганда бул процесске этиштин атоочтук формалары көбүрөөк дуушар болот. Айрым окумуштуулар адъективацияны сөз жасоого тиешелүү кубулуш деп эсептеп, адъективацияланган лексикалык бирдиктерди сын атооч катары карашат; айрымдары аны полисемияга тиешелүү көрүнүш катары карайт; үчүнчү бир көз караш боюнча атоочтуктар адъективацияланбайт, себеби атоочтуктар этиштин өзгөчө формасы эмес. Адъективацияда сөз (же анын маанилеринин бири) сын атоочтун маанилик жана грамматикалык белгилерине ээ болот да, нерсени же кубулуштун сапат белгисин көрсөтөт. Бул алардын семантикасынын өзгөчөлүктөрүнө, морфемалык курамына, зат атооч менен айкашуу жөндөмдүүлүгүнүн бекем же бошоңдугуна жана башкаларга байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1