Адъютант

Википедия дан

Адъютант - (лат. adjutans - жардамчы) -1) аскер башчыларынын тапшырмаларын аткаруучу офицер (прапорщик, мичман). Советтик Армияда (1954-ж. чейин) өзүнчө батальондордун (дивизиондордун) строй кызматы жагын башкарган; 2) революцияга чейинки орус армиясында штабдагы иш жүргүзүүнү тейлеген офицер; 3) 17-18-кылымда орус императорунун тегериндегилерге берилүүчү аскердик чин. Генерал чининдегилерге генерал- адъютант, офицер чининдегилерге флигель- адъютант деген наам берилген; 4) 19-кылымда Францияда полктогу унтер-офицерлер менен капралдардын окуусу үчүн жооп берген офицер. Белгилүү окумуштуу Чокан Валиханов да адъютант чинине татыктуу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1