Адылова Ажар

Википедия дан

Адылова Ажар Шырдакчы. 1919-ж. Тоң районундагы АкТерек айылында төрөлгөн.

«Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ак-Теректеги өнөрканасында үйдөн узданган. Кийизди каттай алып, ага жалпы оюмда көркөм түр түшүрүүдө уз эски шырдактардын салттуу үлгүлөрүн так, төп келтирет. Ага ширетиле түшүрүлгөн шырык жалгыз аяк жолду элестетип, буюм урунууга шартташат. Шырыктык жипти төөнүн чуудасынан же кылчык койдун жүнүнөн ийирет. Араларын «бычак учу» аламычы ажыратып турган ортолук оюмга уз «жарым кыял оюмунун» алдынан «кочкор мүйүз оюмун» чыгарат. Мында көркөм оюм туташ берилгендиктен колтук оюм түшпөйт, кызыл көк түрдө «карга тырмак оюму» «кочкор мүйүз оюмунун» үстүнөн чыккандыктан анын жарымы «колтук оюму» болуп көрүнөт. Ажар мында жээк оюмунун эки жагына «аламыч» түшүрүү салтын сактайт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1976 ж. «Элдик чеберлердин жаңы үлгү жаратуудагы республикалык кароо-конкурсу». Кийиз буюмдары үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы; 1977 ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 50 жылдыгына карата «Сүрөттү өз алдынча сүйүүчүлөрдүн жана жасалга-колдонмо өнөрүнүн республикалык кароо-сынагы». Түр шырдагы үчүн Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0