Ажыдаардын чыгышы
Көрүнүш
"Ажыдаардын чыгышы" (англ. Enter the Dragon, орус. Выход дракона) - 1973-жылы Роберт Клауз тарткан Гонконг-Америка таймаш искусствосунун тасмасы. Катышкандар Брюс Ли, Жон Сэксон жана Жим Келли. Бул тасма Брюс Линин өмүрүндөгү акыркы тасма. Ал 1973-жылы 20-июлда 32 жашында бул жашоо менен кош айтышкан. Тасма 1973-жылдын 26-июлунда Гонконгдо Брюс Линин көзү өткөндөн алты күндөн кийин жарыкка чыккан.
Көп учурда бардык учурдагы таймаш искусствосу тасмаларынын эң мыктысы деп эсептелгендиктен, 2004-жылы Конгресс Китепканасы тарабынан "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп табылып, АКШнын Улуттук кино реестринде сакталууга тандалып алынган. Тасма Америкага жана башка өлкөлөргө куңфу өнөрүнүн учкунун чачыраткан тасма болуп эсептелет.