Брюс Ли

Википедия дан
Брюс Ли

Ли Чжэньфань (англ. Lee Jun-fan, кытай тилинде: 李振藩; 1940-жылы 27-ноябрь – 1973-жылы 20-июль), профессионалдык чөйрөдө Брюс Ли (англ. Bruce Lee) катары таанымал болгон Гонконг жана Американын таймаш искусствосунун чебери, актер, философ, режиссер, Жит-кун-до таймаш искусствонун негиздөөчүсү. Ли кытай операсынын жылдызы Ли Хойчэньдин уулу. Спорт баяндоочулар, сынчылар, ММК өкүлдөрү жана башка таймаш искусствосунун чеберлери Лини таймаш искусствонун эч бир заманда болуп көрбөгөн эң таасирдүү адамы жана 20-кылымдын популярдуу маданиятынын жылдызы болуп саналганын билдиришкен. Ли америкалык тасмаларда тартылган азиаттардын зоболосун көтөргөнү менен белгилүү.

Ли 1940-жылы 27-ноябрда Чайна-таунда (Сан-Франциско) гонконгтук үй-бүлөдө туулган, бойго жеткенге чейин үй-бүлөсү менен Каулунда (Гонконг) өсүп чоңойгон. Актерду киноиндустрия менен атасы тааныштырган, ошентип Ли бала кезинде эле бир канча тасмаларда тартылган. Ли 18 жашында билим алуу үчүн АКШга барат, ошентип ал Сиэтлдеги Вашингтон университетине окууга кирет, ошол жылдары Ли таймаш искусство боюнча сабактарды бере баштайт. Линин Гонконгто жана Голливудта тарткан тасмалары гонконгтук салттуу таймаш искусствону популярдуулуктун жаңы деңгээлине көтөргөн, ошону менен 1970-жылдары батыштын кытай таймаш искуствосуна кызыкчылыгы пайда болгон. Линин тасмаларынын багыты жана жалпы атмосферасы АКШ, Гонконг жана башка өлкөлөрдүн таймаш искусство жөнүндө тартылган тасмалардын тартуу ыкмасыны өзгөртүүгө таасир берген.

Ли тартылган беш толук метраждуу тасмалар: Ло Вэйдин "Күчтүү босс" (англ. The Big Boss, 1971) жана "Заар муштуму" (англ. Fist of Fury, 1972); Ли режиссеру жана сценаристи болгон Golden Harvest компаниянын "Ажыдаардын жолу" (англ. Way of the Dragon, 1972) тасмасы; Golden Harvest жана Warner Brothers компаниялардын "Ажыдаардын чыгышы" (англ. Enter the Dragon, 1973) жана "Ажалдын оюну" (англ. The Game of Death, 1978), эки тасманын режиссеру Роберт Клаус болгон. Ли бүткүл дүйнө жүзүнө таанымал болгон беделдүү инсан болгон, ошондой эле ал патриоттуулугу үчүн кытай элинин жылдызы болуп саналат.Виң-чун таймаш искусствосунда машыгып, кийинчирээк өзүнүн жеке таймаш искусствосунун философиясынын негизинде ар башка булактардан ар түрдүү ыкмаларды бириктирип Жит-кун-до (Токтото турган муштумун жолу) аталышындагы таймаш исксствосун негиздеген. Ли АКШ жана Гонконг жарандуулуктарына ээ болгон. Ли 1973-жылдын 20-июлунда, 32 жашында Коулун Тонгто каза тапкан.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1940 жылы Жетинин айынын 27 АКШ-тын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында жарык дүйнөгө келген. Кытайда Ли Сяолин, Ли Дженфан исимдери менен да танымал. Бала кезинен фильмдерге тартыла баштаган.

Ийгиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кино мансабында 36 фильмге түшкөн. Батышка Чыгыш жекпе-жегин таныткан. Анын өмүрү менен чыгармачылыгы жайлы 30-га тарта фильм түшүрүлгөн. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШ-та чыгыш жекпе-жегиниң жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фу жана тайжичуан өнөрүн меңгерген. Андан башка бокс менен жана дзюдо менен машыккан. «Джит Кун-до» деген аталыштагы кунг-фунун өзүнүн стилин жасап чыгарган. 1971 жылы үй-бүлөсү менен Гонконгго көчүп келет. 1973 жылы Кулжа айынын 20 Гонконгдо 32 жашында көз жумду.

Кызыктуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Брюс Линин бою 171см
  • Каза болоордун алдында анын салмагы 65кг болгон
  • Брюс Линин суйгөн гүлү хризантема
  • Брюс Линин окуучуларынын бири “агент 007 “ кино тасмасында башкы ролду ойногон.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]