Дзюдо

Википедия дан

Дзюдо ((Жүдоу) – (япончо жү – жумшактык, доу – жол) – спорт күрөшүнүн бир түрү. 19-кылымдын аягында Жапонияда жиу-жицудан өркүндөтүлүп, спортко айландырылган. 1882-ж. япондук окумуштуу Жигоро Кано негиздеген. Машыгуу булчуңдарды жана муундардын кыймылдуулугун өөрчүтүүчү көнүгүүлөрдөн, аны өнөгү менен иштеп чыгуудан жана үйрөнгөнүн бышыктоодон турат. Кооптуулуктан сактоо көнүгүүлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Дзюдодо талуу жерге уруу, муундарды толгоо, муунтуу жана башка ыкмаларга уруксат берилет. Дзюдо өзүн коргоонун жана кол салуунун өркүндөтүлүп, спортко айландырылган япондук системасы. Спортсмендерге «кю» (разряд) даражалары (6-кенжеден 1-жогоркуга чейин) ыйгарылат. Даражаларына ылайык түрдүү түстөгү белбоо тагынышат (Мисалы, 6дан 4-гө чейинки даражадагылар – ак, 3төн 1ге чейинкилер – күрөң). Өнөрүн андан ары өркүндөткөндөр «1-дан» (чеберчиликтин 1-деңгээли) алат да, кара түстөгү белбоо тагынуу укугуна ээ болот. Кара белбоо ээ болгондордун 10 даражасы белгилүү. Мыкты спортчулар 7-данга гана жетиши мүмкүн. Ал эми калган даражалар административдик иш-чаралар жана дзюдого кошкон салымы үчүн ыйгарылат. 1-дан даражасы боюнча спорт чебери менен бирдей. Алгач машыгуулар жана мелдештер жерге төшөлгөн саман маталарда (татами) өткөн. Учурда татами заманбап материалдардан жасалат. Машыгуучу «дзюдоги» (кимоно) жана шым кийип, белбоо курчaнат. Дүйнөгө дзюдо алгач 1930-жылдардан, 2-дүйнөлүк согуштан кийин кеңири тарай баштаган. Дзюдонун Эл аралык федерациясы 1952-ж. түзүлүп, 150 мамлекетти бириктирет. Дзюдо боюнча Европа чемпионаты 1951-жылдан, дүйнөнүкү 1956-жылдан (Токио) өткөрүлүп келет. Ал 1964-жылдан баштап Олимпия оюндарынын программасына кирген. Мелдешке катышуучулар 60, 66, 73, 81, 90,100 кг жана андан жогорку чоң салмактарга бөлүнөт. Дзюдонун айрым ыкмалары самбо күрөшүнө окшош. Кыргызстанда дзюдону А. Г. Задворный негиздеген, 1973-жылдан өнүгө баштаган. Көрүнүктүү спорт чеберлери: А. Смагулов (2000, Сидней олимпия оюндары, коло медаль), В. Сергеев (Олимпия оюндарынын катышуучусу, 1996; 2000), А. Юнусов (20-кылымдын мыкты спортчусу), Д. Максутова жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1