Ажыдаар (топ жылдыз)

Википедия дан
Ажыдаар (жылдыз)‎»‎ барагынан багытталды)
Ажыдаар топ жылдызы

Ажыдаар (Draco) – уюлга жакынкы топ жылдыз. Тубан аттуу жылдызы Мицар менен Кичи жетигендин чөмүчүнүн эки жарык жылдызынын ортосунда жайгашкан. Ал болжолу 2,5 миң жыл мурда уюлдук жылдыз болгон, кайрадан 20 миң жылдан кийин уюлдук жылдыз болот.

Аталышы мифологиядан алынган: Геспериддин алма багындагы алтын алманы кайтарган Ладон деген ажыдаарды жана аны өлтүргөн Гераклды символдоштуруп турат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Астрономия: Энциклопедиялык окуу куралы." Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек - 2004