Ажыйман Шабданов

Википедия дан

Ажыйман Шабданов (1905-1939) - кыргыздын алгачкы окумуштууларынан.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоң Кеминде туулган. Шабдан баатырдын небереси. Адегенде жергиликтүү мектепте кийин, Бишкектеги орус тузем мектебинде окуган. Жети Суу (Алматы) билим берүү институтун бүтүргөн. Мектептерде жана техникумда сабак берген.
1928 ж. Маданий Агартуу илим изилдөө институтунда иштеген. Бул жерден грамматика, орфография, терминология ж.б. боюнча окуу китептерин жазып, илимий макалаларын жарыялаган. Чоң манаптын тукуму катары куугунтукка алынып, 1932-ж. Ош педтехникумуна жиберген. Кийин Тажикстанга барып Тоолуу Бадакшан облусундагы кыргыздарга билим берүү ишин уюштурган. Бул жерден камакка алынып, Ташкентке жеткирилип, жалган айып менен 1939 ж. атылган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1929-ж. С.Наматов менен биргелешип “Сабатсыз аялдар үчүн алиппе” чыгарган.
М.Элебаев, Ж.Жамгирчиев менен бирге жазган “Үчүнчү класстар үчүн окуу китеби” 1930ж. 10 миң нуска менен чыккан.
Анын ”Биздин тил” (1831) окуу китеби өтө кеңири колдонулган.