Аза кийими

Википедия дан

Аза кийими – жакыны өлгөн аялардын аза күтүү мезгилинде кийип жүрө турган кийими. Аза кийими сөөктү коюп келгенден кийин кийилген.

Түндүк кыргыздарда жесир аял кара көйнөк кийип, кара кемселди желбегей жамынып алат. Башына токол элечек кийип, анын ээк алмайы түшүрүлгөн абалда болот.
Күйөөсү карыган жашка жетип каза болсо жесири элечектин үстүнөн ак жоолук салынып, ак кыргак менен байлап коёт, ал эми орто жаштагы куракта каза болсо, анда элечектин үстүнөн кара жоолук салынат, кара кыргак менен байлап коюшат.

Түштүк кыргыздардын айрым топторунда аза кийими түндүк тараптын кыргыздары менен окшош. Айырмасы, кара жоолукту көк же жашыл жоолук менен алмаштырат.
Басыз, кутчу, мундуз урууларында жоолук менен чекесин байлап, төбөсүн ачык калтырган. Маркумдун туугандары да аза кийимин кийишет. Көк көйнөктү кыркына чейин кийишет.
Ичкилик тобундагы кыргыздардын аза кийиминде көк түс үстөмдүк кылат. Маркумдун өтө жакын туугандары, ага-инилери, балдары көк көйнөк кийет.

Жесир аял кооздук буюмдарын тагынбайт. Аза кийимин жесир аялдын төркүнү алып келип кийгизген. Аза күтүү мезгили бүткөндө актыгын да (ак кийити) төркүнү алып келген. Бул балким эндогамдык никенин калдыгы болушу мүмкүн.
Эгер жесир аялды өз колдорунан чыгаргысы келбесе, күйөөсүнү өз туугандары аза кийимин атап кийгизиши мүмкүн болгон.

Аза кийими жылдык ашынан кийин (түштүк кыргыздардын айрым топторунда исламдагы 3 айттыктан кийин) чечилет. Ал кийит мурда колунда жок аялдарга берилген же өрттөлгөн.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк, түз. О.К. Каратаев, С.Н. Эралиев, Бишкек 2005. ISBN 9967-13-159-4