Мазмунга өтүү

Азезилдин жактоочусу (тасма)

Википедия — ачык энциклопедия
Азезилдин жактоочусу
Devil’s Advocate
Жанры

Ужас, триллер, драма

Режиссёру

Тэйлор Хэкфорд

Продюсери

Энн Копельсон
Арнольд Копельсон
Арнон Милчен

Сценарийдин
автору

Жонатан Лемкин
Тони Гилрой
(Эндрю Найдермандын романынын негизинде)

Башкы ролдордо

Киану Ривз
Аль Пачино
Шарлиз Терон
Конни Нильсен

Оператору

Анжей Бартковяк

Композитору

Жеймс Ньютон Ховард

Кинокомпания

Regency Enterprises
 Warner Bros. (ижара)

Узактыгы

144 мүнөт

Бюджети

57 млн. $

Кирешеси

152 944 660 $

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

1997

IMDb

ID 0118971

«Азезилдин жактоочусу» (англ. Devil’s Advocate) — Америкалык жазуучу Эндрю Найдермандын романынын негизинде, режиссёр Тэйлор Хэкфорд тарабынан тартылган мистикалык драма. Тасма «Сатурн» сыйлыгында "Мыкты ужас тасма" наамын алган.

Флоридадан чыккан жаш, ийгиликтүү жактоочу Кевин Ломакс (Киану Ривз) кимдин иши болбосун актап чыгат. Жадакалса "кызды кордоду" деп шектелген мугалимдин күнөөлүү экенине көзү жетип турса да актайт. Ошентип анын атагы Нью-Йоркко чейин жетип, чоң корпорациянын башчысы Жон Милтон (Аль Пачино) жумушка чакырат. Карапайым турмушта жашаган Кевин жубайы Мери-Энн (Шарлиз Терон) менен Манхэттенге келип, жаңы жашоо башталганына кубанышат. Бирок Нью-Йоркто Кевин менен Мери-Энн үчүн ийгилик да, чоң сыноо да башталат. Ал Милтондун көрсөтмөсү менен жалаң кылмышкер миллионерлерди жактап, күнөөсү болсо да баарын актап чыгат. Жубайы Мери-Эннге барган сайын чоң мегаполис жакпай, көзүнө жаман нерселер көрүнө баштайт. Кенен, кооз үй тозокко айланып, Флоридага кеткиси келет. Кевин болсо баш-оту менен ишине киришип, жубайынын акылынан азып баратканына маани бербей калган эле. Мерини көзүнө көрүнүп жаткан коркунучтуу нерселер акылынан аздырып, акыры өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирет. Сүйүктүүсүн жоготкондон кийин Кевин кантип шайтанга азгырылып кеткенин, Жон анын атасы экенин, бир кездеги анын кардары мугалим кайра жаш кызды өлтүрүп кармалганын жана башка көп ачуу чындыктарды билет...

Тасма тууралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмага алгач көп спецэффекттер колдонулуп, блокбастер кылып тартышмак. Мындай идея Аль Пачиного жакпай калгандыктан, режиссёр кайрадан сценарийди жазып чыккан. Аль Пачинонун кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылганын билдирген, Жон Милтондун ролун жеткиликтүү аткара аламбы деп көпкө ойлонот. Жадакалса өзүнүн ордуна "Роберт Редфорд же Шон Коннерини тартсаңар болмок" деп сунуштаган. Жыйынтыгында өзү көрүүчүнүн кыжырын кайнаткан арамза, бузуку Жондун ролун ийине жеткире аткарган. Ал эми Кевиндин ордунда.Киану Ривзге чейин Брэд Питт, Эдвард Нортон, Жон Кьюсакка да бул роль сунушталган экен.

Каармандарда

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
АктёрКаармандар
Киану РивзКевин Ломакс (Kevin Lomax)
Аль ПачиноЖон Милтон (John Milton)
Шарлиз ТеронМэри-Энн Ломакс (Mary Ann Lomax)
Конни НильсенКристабелла Андреоли (Christabella Andreoli)
Жеффри ЖонсЭдди Барзун (Eddie Barzoon)
Жудит АйвиЭлис Ломакс (Mrs. Alice Lomax)
Тамара ТюниЖекки Хит (Mrs. Jackie Heath)
Крэйг Т. НельсонАлександр Каллен (Alexander Cullen)
Рубен Сантьяго-ХадсонЛаймон Хит (Leamon Heath)
Дебра МонкПэм Гаррети (Pam Garrety)
Вито РужинисМитч Уивер (Mitch Weaver)
Лаура ХаррингтонМелисса Блэк (Melissa Black)
Георг ВинерМеисел (Meisel)
Крис БауэрЛлойд Геттис (Lloyd Gettys)
Хезер МатараццоБарбара (Barbara)
Лев БурмистрФлориданын прокурору (Florida Prosecutor)
Нил ЖонсБарни (Larry)
Билл МурГарсон Дидс (Garson Deeds)
Георг ГорГарлемдеги жигит (Boy in Harlem)
Ким ЧанКытайлык (Chinese Man)
Каприс Бенедеттиаял (Menage A Trois Woman)
Дон Кингкамео
Жеймс СаитоТакаори Осуми (Takaori Osumi)
Новелла НельсонБотаник (Botanica Woman)
Винсент Ларесца(Big Guy #1)
Глория Линна ГенриТиффани (Tiffany)
Антон Варгас КортесЫрчы (Flamenco Singer)
Моника КинаАлессандра Каллен (Alessandra Cullen)
Билл Боггсрепортёр (Reporter #2)
Жон РотхмаБройго (District Attorney Broygo)
Соцорро Сантиаго(Nurse)
Альфонс Д'Аматокамео (партиялык ишмер)
Эрни Грюнфельдкамео (партиялык ишмер)
Аллен Грубманкамео (партиялык ишмер)
Павел БенедиктВальтер Красна (Walter Krasna)
Рой Жонс(көргөзүлбөгөн)
Делрой ЛиндоФилипп Мойез (Phillipe Moyez)
  • Режиссёру: Тейлор Хэкфорд
  • Сценаристтери: Жонатан Лемкин, Тони Гилрой (Эндрю Найдермана романынан)
  • Оператор: Анжей Бартковяк
  • Композитор: Жеймс Ньютон Ховард

Кошумча маалыматтар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Тасма жарыкка чыккандан кийин скульптор Фредерик Харт Жон кинону тарткан «Warner Brothers» кинокомпаниясын сотко берген. Маалыматка ылайык, Милтондун пентхаусундагы сүрөттөр анын скульптуралык паннолорунун көчүрмөсү болуп чыккан. Соттун жыйынтыгында компания скульпторго автордук гонорар төлөп берүүгө мажбур болгон.
  • Тасмага Аль Пачинону тартууга бюджети жетпегенин билгенде Киану Ривз өзүнүн гонорарын кыскартууну сунуштаган. Тасмадагы ролу үчүн Киану 8 миллион доллар алганы белгилүү.[1].
  • Милтон менен Ломакстын бокс оюнундагы эпизоду чыныгы рингден алынган. Ал эпизод 1996-жылкы Рой Жонс кичүүсү менен Брайан Брэннон беттешинде тартылган.
  • Шарлиз Терон каарманынын образын жакшы жеткирүү үчүн 3 ай бою психотерапевтке барып жүргөн.
  • Тасма «Сатурн» сыйлыгында "Мыкты ужас тасма" наамын алган.
  • «Сатурн» сыйлыгы — Мыкты ужас тасмасы
  • «MTV» — Мыкты азезил (Аль Пачино)