Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы
| Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы азерб. Азәрбајҹан Совет Сосиалист Республикасы | |||||||||
| |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
| Ураан «Бүтүн өлкәләрин пролетарлары, бирләшин!» | |||||||||
| Гимн Азербайжан ССРинин мамлекеттик гимни (азерб. Azərbaycan Sovet Sosialist Respublikasının Dövlət Himni) | |||||||||
| Борбору | Баку | ||||||||
| Ири шаарлары | Баку, Кировабад, Сумгаит, Нахичевань, Степанакерт, Нуха, Шемаха, Ленкорань | ||||||||
| Тил | азербайжан тили, орус тили | ||||||||
| Убакыт алкагы | +4 +5 (жайкысын) | ||||||||
| Аянт | 86 600 | ||||||||
| Калк | 7 037 867[1] СССР боюнча 6-орун | ||||||||
| Башкаруу формасы | Советтик республика | ||||||||
| Азербайжан ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы | |||||||||
| - 1921—1922 | Гаджиев Мухтар Гаджи оглы | ||||||||
| Азербайжан ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы | |||||||||
| - 1969—1982 | Алиев Гейдар Алирза оглы | ||||||||
| Азербайжан ССРинин президенти | |||||||||
| - 1990–1991 | Муталибов Аяз Ниязи оглы | ||||||||
| Жогорку деңгээлдеги домен | .su | ||||||||
| Телефон коду | +7 | ||||||||
| Дини | атеизм | ||||||||
| Башкаруучу партия | Азербайжан Коммунисттик партиясы (СССР) | ||||||||
| Парламент | Азербайжандын Жогорку Совети | ||||||||
| Дини | Дини | ||||||||
Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы (азерб. Азәрбајҹан Совет Сосиалист Республикасы) — 1920-жылдын 28-апрелинде жарыяланган СССРдин курамындагы социалисттик республика. 1936-жылга чейин Советтик Социалисттик Республика Азербайжан же Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы (азерб. آذربایجان سوسیالیست شورﺎ جومهوریتی, Azərbajcan Sosjalist Зyra Cumhyrijjəti) деген аталыш менен белгилуу болгон мамлекет. Мамлекеттин кыскартылган АзССР, АССР, Азербайжан ССР жана Советтик Азербайжан аталыштары дагы расмий түрдө колдонулган[2].
1922-жылдын 12-мартынан баштап, Түштүк Кавказ Социалисттик Советтик Республикаларынын Федеративдик Бирлигинин (ТКССРФБ) курамында болуп, кийинчерээк ТКФССР деген макамды алып, СССРдин негиздөөчү республикаларынын бири болгон. 1936-жылдын 5-декабрында Азербайжан ССРи түздөн-түз СССРге кошулуп, 1991-жылга чейин анын союздук республикаларынын бири бойдон калган[2].
Азербайжан ССР үч Ленин ордени (1935, 1964, 1980), Октябрь революциясы ордени (1970) жана Элдердин достугу ордени (1972) менен сыйланган[3].
Негизги маалыматтар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы 1920-жылдын 28-апрелинде Азербайжан Демократиялык Республикасы кулагандан кийин түзүлгөн. 1922-жылдын 12-мартынан 1936-жылдын 5-декабрына чейин Түштүк Кавказ Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасынын курамында болгон, ал эми 1936-жылдын 5-декабрынан тартып түздөн-түз Советтер Союзунун курамына союздук республика макамында кирген[4][5]. Географиялык жактан Түштүк Кавказдын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы (Дагестан АССР), түндүк-батышынан Грузин Советтик Социалисттик Республикасы, түштүк-батышынан Армян Советтик Социалисттик Республикасы жана Түркия, түштүгүнөн Иран менен чектешкен. Чыгыш тарабынан Каспий деңизи менен чулганган. Республиканын аянты Каспий деңизиндеги аралдарды кошкондо 86,6 миң км² түзгөн. Калкы 1969-жылдын 1-январына карата болжол менен 5 042 миң адам болгон. Борбору Баку шаары болгон.
1921-жылдан тартып Азербайжан ССРинин курамына Нахичеван Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы жана Тоолуу Карабах кирген. Кийин 44 күндүк согуштан кийин Тоолуу Карабах Азербайжан Республикасынын Карабах аймагы деп аталып калган. Жалпысынан республика 60 районго бөлүнүп, 57 шаарга (1913-жылы 13 гана болгон) жана 119 шаар тибиндеги кыштактарга ээ болгон[6].
1985-жылы Советтер Союзунда кайра куруу жана демократиялаштыруу саясаты башталып, бул өлкөдө борбордук жана партиялык бийликтин катуу көзөмөлүнүн алсырашына алып келген. 1987-жылдан тартып Азербайжан ССРинин курамындагы Тоолуу Карабах автономиялуу облусунда (негизинен армяндар жашаган аймак) Баку жана Сумгаит шаарларындагы армян калкына каршы талап-тоноолордун фонунда армян-азербайжан жаңжалы күчөй баштаган. Бул жаңжал башынан эле этникалык зомбулук менен коштолгон. Убакыт өткөн сайын чыңалуу күчөп, эки тараптан тең курмандыктар жана качкындар пайда болгон. 1990-жылдын январында армяндарга каршы талап-тоноолор антисоветтик көтөрүлүшкө айланып, аны Азербайжан Эл фронту координациялаган. Көтөрүлүш Совет армиясы тарабынан басылганына карабастан, 1991-жылдын жазынан тартып жаңжал ачык куралдуу кармашка айланган.
1991-жылдын 5-февралында Азербайжан ССРинин Жогорку Совети республиканын аталышын «Азербайжан Республикасы» деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алган[7], бирок бул чечим СССР Конституциясынын 71-беренесине ылайык келген эмес.
1991-жылдын 30-августунда Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар комитетинин төңкөрүш аракетинин жыйынтыксыз аякташынан кийин Азербайжан ССРинин Жогорку Совети республиканын көз карандысыздыгын жарыялаган. Көз карандысыз Азербайжандын биринчи президенти болуп Азербайжан ССРинин президенти, Азербайжан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Аяз Муталибов шайланган.
Ошол эле учурда Азербайжан Республикасы (Азербайжан ССРи) формалдуу түрдө Советтер Союзу тараган 1991-жылдын 26-декабрына чейин анын курамында кала берген, анткени союздук республикалардын СССРден чыгуу тартиби жөнүндө 1990-жылдын 3-апрелиндеги мыйзамда көрсөтүлгөн процедуралар толук сакталган эмес[2].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Демоскоп Weekly (еженедельная демографическая газета. Электронная версия): Всесоюзная перепись населения 1989 г. Численность населения союзных республик СССР и их территориальных единиц по полу // Всесоюзная перепись населения 1989 года. ТОМ 1. Часть 1. Таблица 3. Численность наличного населения союзных и автономных республик, автономных областей и округов, краев, областей, районов, городских поселений и сел-райцентров.
- 1 2 3 Справочник по истории Коммунистической партии и Советского Союза 1898 - 1991. Азербайджанская Советская Социалистическая Республика(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Азербайджанская Советская Социалистическая Республика
- ↑ Julfa i. Safavid Period. Encyclopædia Iranica
- ↑ Абациев – Дмитрий Павлович. Революция и гражданская война в России. 1917–1923. Том 1. А
- ↑ АзССР — Азербайджанская Советская Социалистическая Республика (05.12.1936 — де-юре) административное устройство - население)
- ↑ ЗАКОН АЗЕРБАЙДЖАНСКОЙ СОВЕТСКОЙ СОЦИАЛИСТИЧЕСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 5 февраля 1991 года № 4-ХII Об изменении в наименовании Азербайджанской ССР
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Всесоюзная перепись населения 1989 г. Численность населения союзных республик СССР и их территориальных единиц по полу
- Справочник по истории Коммунистической партии и Советского Союза 1898 – 1965
- Сталинские списки: Азербайджанская ССР Archived 2018-10-26 at the Wayback Machine
- Azerbaijan: A Land in Bloom
| Кеңештер Бирлигинин республикалары | ||
|---|---|---|
|
| ||