Азербайжан музыкасы

Википедия дан

Азербайжан музыкасы

Азербайжан элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, диний үрп-адат, каада-салт менен тыгыз байланыштуу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар менен бийчилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук музыка формасы жана жанрынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Музыкалык аспаптары - саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша-нагара, дэф ж. б. Азербайжандын оозеки профессионалдык искусствосун ашугдар негиздеген. Алар лирикалык ырларды жана дастандарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашугдардын (Гурбан, 16-к.; Гариб, Диварганлы Аббас, Валех, 17-18-к.; Алескер, Нажафкули, Аббас-кули, Молла-Жума, 19-к.) ырлары саз аспабы менен коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шушинский, Бюль-Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптарда чеберчилик менен ойногон. 19-кылымдын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг менен мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал улуттук операнын жаралышына өбөлгө түзгөн. Физулинин чыгармасы боюнча «Межнун Лейлинин бейит башында» аттуу алгачкы опера (1908) коюлган. 20-кылымдын башында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли жана Межнун», 1908, алгачкы мугам операсы) менен М. Магомаевден башталып, алар музыкалык окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музыка дүйнөсүнө жаңы муундар - Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Амиров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Меликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, З. Ханларова, А. Аскеров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Шароев, К. Сафар-Алиева, Р. Атакишиев, Э. Назирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. жетишкен. Азербайжандын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрп-адаттар менен (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «таракема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран-бала», У. Гаджибеков. «Аршин мал алан» . Азербайжан театры. «ялла». 1938-ж. бий коллективи уюшулган. 1940-ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар мунарасы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923-ж. Бакуда балет студиясы уюшулуп, 1933-ж. балет мектеби, 1936-ж. Баку хореографиялык окуу жайы ачылган. 1982-жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кошкондор - Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Мамедов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.