Азиз Несин
Азиз Несин (түрк. Aziz Nesin, чыныгы аты-жөнү Мехмет Нусрет / Mehmet Nusret Nesin; 1915–1995) — XX кылымдагы көрүнүктүү түрк жазуучусу жана сатирик.
Кыскача өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мехмет Нусрет жаш кезинде аскердик билим алган. Көркөм өнөр академиясында окуган. Сабахаттин Али негиздеген «Марко Паша» газетасында иштеген. Кийин ал гезитте өкмөткө каршы макалаларды жарыялагандыгы үчүн басылмага тыюу салынган.
Азиз Несин көптөгөн күлкүлүү аңгемелердин жана романдардын автору. Ал саясий жана социалдык сатиранын чебери катары белгилүү. Жазуучу «Бошонгон жиндилер», «Иш адамы» сыяктуу аңгемелерди жараткан. Түрк коомунун терс жактарын, партиялардын ортосундагы саясий келишпестикти «Кайсы партия жеңет?» (1957), «Өлгөн эшек» (1958), «Азамат» (1959) чыгармаларында келекелейт. Анын сүйүктүү каармандары — майда чиновниктер, жолу болбогон интеллигенттер жана жумуш таба албай сенделип жүргөн кембагалдар. Азиз Несин «Пил Хамди» (1956) жана «Казан азган» аңгемелери үчүн сатириктердин эл аралык конкурсунда «Пальма бутагы» сыйлыгына эки жолу арзыган. Мурдагы СССРде анын «Иттин куйругу» (1958), «Тиги дүйнөдөн кат» (1960), «Сиздин саатыңыз нече болду?» (1970) китептери басылып чыккан. Айрым чыгармалары кыргыз тилине да которулган.
Чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Бошонгон жиндилер»
- «Иш адамы»
- «Кайсы партия жеңет?» (1957)
- «Өлгөн эшек» (1958)
- «Азамат» (1959)
- «Пил Хамди» (1956)
- «Казан азган»
Сыйлыктары жана наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сатириктердин эл аралык конкурсунда «Пальма бутагы» сыйлыгы — эки ирет.
Басылып чыккан чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Азиз Несин. Собачьи хвосты. Юмористические рассказы. М., 1958.
- Азиз Несин. Если бы я был женщиной. Юмористические рассказы. М., 1961.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Несин басма үйүнүн китептери Archived 2012-01-27 at the Wayback Machine
- Азиз Несин уюштурган кордун интернет барагы
- Жанызак Archived 2015-06-07 at the Wayback Machine