Азиль маданияты

Википедия дан

Азиль маданиятыташ доорундагы алгачкы мезалитке (б. з. ч. 8-к.) тиешелүү археологиялык маданият.

1887–89-жылы француз архехологу Э. Пьет илимге киргизген. Түштүк Франциядагы Мас-д Азиль үңкүрүнүн аты менен аталган. Негизинен Франциянын, о. эле ГФРдин аймагында таркаган. Азиль менена сөөктөн, мүйүздөн жасалган куралдар мүнөздүү, ал куралдар оттук таштын жука калкандары менен мизделген. Бугунун мүйүзүнөн жалпак гарпундарды жасашкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8