Азимбаев Токтобай

Википедия дан

Азимбаев Токтобай 1944-жылы 19-майда Сузак районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган.

  • 1961-жылы орто мектепти,
  • 1965-жылы Жалал-Абад шаарындагы Зооветеринардык техникумдун зоотехник бөлүмүн аяктаган.
  • 1966-1968-жылдары Советтик Армиянын катарында Красноярский шаарында кызмат өтөгөн.
  • Эмгек жолун 1969-жылы «Дружба» совхозунда учетчик болуп иштеп баштаган.
  • Андан кийин ушул эле совхоздо сүт-товар фермасында бригадир болуп 1992-жылга чейин тынымсыз жана үзүрлүү эмгектенген.
  • Чындыкты бетке айткан, ак көнүл, баардык адамдар менен тил табыша билген, шатыра-шатман жүргөн, чыканактай адам болгонуна байланыштуу, эл арасында «Тапанча-Токтобай» атка конгон.
  • Коюлган пландарды аткарып, үзүрлүү эмгеги үчүн бир нече сыйлыктар менен сыйланган.
  • 2011-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3