Азимжан Асаналиев

Википедия дан

Асаналиев Азимжан (25.3.1933-ж. т., Ак-Талаа району, Yгүт айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1963—67, 1975—80).

Мугалимдер институтун, Кыргызстан айыл чарба институтун (1965), КПСС БКнын Жогорку партиялык мектебин (1968) бүткөн.

1950—57-ж. мугалим, 1957-жылдан колхоз башкармасынын төрагасы, Ак-Талаа райкомунун 2-катчысы, Кыргызстан КП БКда инспектор, Чүй райаткомунун төрагасы, Нарын райкомунун 1-катчысы, совхоз директору болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.