Азимканов

Википедия дан
Алимбек Азимканов
Алимбек Азимканов, 1982-жыл


Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Алимбек Азимканович Азимканов
Туулган жылы: 12-март 1958-жыл
Туулган жери: Кашка-Терек айылы, Сузак району, Жалал-Абад областы, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: журналист, акын
Наамдары:

Бир нече ардак грамоталардын жана өзгөчө төш белгилердин ээси

Алимбек Азимканов – 1958-жылдын 12-мартында Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Кашка-Терек айылында төрөлгөн.

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн эң көрүнүктүү ишмерлеринин бири. Учурда Жалал-Абад облусттук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын автордук көрсөтүүлөр бөлүмүнүн редактору.

1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүткөн.

1982-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде кабарчы болуп эмгек жолун баштаган. Кыргызстандын ар бир аймагынан сюжеттерди даярдап, кыргыз телекөрсөтүүсүнүн чыгаандары Александра Черёмушкина, Михаил Дудников, Александр Фёдоров жана көптөгөн көрүнүктүү инсандар менен иштешкен.

1991-жылга чейин Улуттук биринчи каналдын "Мезгил" көрсөтүүсүндө кабарчы, редактор жана бөлүм башчы болуп иштейт.

1992-жылы Жалал-Абад областы кайра түзүлгөндөн кийин жаңы түптөлгөн Жалал-Абад облусттук мамлекеттик телерадиокомпанияга (ЖТР) редактор болуп Жалал-Абадга которулат. 1990-жылы Ош окуяларын, 1992-жылы Токтогул районундагы зилзаланы, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларын, 2005-жылдагы төңкөрүштү, 2010-жылдагы кандуу окуяларды жана көптөгөн эксклюзивдүү репортаждарды алгачкылардан болуп обого чыгарат.

Учурунда СССРдин Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин Москвадагы "Останкино" жана "Орбита" каналдары менен тыгыз кызматташат.

2005-жылдын 10-мартында Алимбек Азимканов жана оператор Равшан Ризакулов экөө барымтага алынат.

1991-2012-жылдары ЖТРде кабарчы, башкы редактор, продюсер жана төраганын орун басары болуп эмгектенет.

Ошону менен бирге бир катар даректүү тасмалардын, радиоочерктердин жана көрсөтүүлөрдүн автору. СССРдин жана Кыргызстандын журналисттер союзунун мүчөсү. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн" төш белгиси менен сыйланган. Көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]