Азот жер семирткичи

Википедия дан

Aзот жер семирткичи - өсүмдүктү азот менен азыктандыруучу минералдык жана органикалык заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар органикалык жер семирткич (кык, чымкөң, компост) жана минерал жерсемирткич (азоттуу аммиак, аммоний нитраты, аммоний сульфаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакаттар) болуп бөлүнөт, ошондой эле азоттуу көк жерсемирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун минералдык кошулмалары - нитраттар жана аммоний туздары менен азыктанат. Амид азот жер семирткичи мочевина, кальций цианамиди жана мочевинаформальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина менен аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын артыкчылыгы концентрациясы жогору, арзан өндүрүлөт жана оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа жана башкаларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий менен камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан орг. заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комплекстүү жерсемирткич даярдоого жана курамына микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Aзот жер семирткичин колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биологиялык жана топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1