Азурит

Википедия дан
Азурит.

Азурит (фр. azurite - көгүлтүр) - карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Cu3[CO3]2(0H)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,54, тыгыздыгы 3773 кг/м3. С. салмагы 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Жаратылышта халькопирит, борнит ж. б. минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. Азурит - курамында 55,3% жез кездешкендиктен жездин баалуу кенташы. Көк боёк жасоого да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1