Карбонаттар

Википедия дан
Сидерит.

Карбонаттаркөмүр к-тасынын (Н2СО3) туздары. Алар орто (К2СО3, Na2СО3, СаСО3), кычкыл (КНСО3) жана негиздик [Сu(ОН),СО3] болуп бөлүнөт. Щелочуу жана щелочтуу жер металлдардын, аммоний жана таллийдин орто К-ы гана сууда эрийт. Эритмелери негиздик касиетке ээ. К. ысытуудан ажырайт. Мис.:

СаСO3 = СаО + СO2

Гидрокарбонаттар ысытканда орто К. айланат:

2NaНСО3 = Na2СО3 + Н2О + СО2

Жаратылышта орто К. кеңири таралган. Zn, Рb, Сu, Fе жана башка сыяктуу металлдар К. — баалуу металл кендери болуп эсептелет. Алардын ичинен СаСО3 — кальцит, МgСО3 — магнезит жана башка курулушта, хим. ө. ж-да, отко чыдамдуу материалды алууда колдонулат. Синтет. К. (Nа2СО3 жана NaНСО3) тех-да кеңири колдонулат. Гидрокарбонат-тар буфердик зат болуу менен физиологиялык мааниси да чон. К. жаратылышта минералдар түрүндө кеңири таралган ЗО ашыгы белгилүү, алардын негизгилери: кальцит катарындагылар — кальцит СаСО3, магнезит МgСО3, сидерит FеСО3, родохрозит МnСО3, смитсонит ZпСО3; арагонит катарынан — витерит ВаСО 3, стронцианит SrСО3, церуссит РbСО3 жана башка болуп бөлүнөт. К. ачыктүстө: ак, кызгылт боз жана башка; жез карбонаты гана жашыл-көгүлтүр түстө болот. Катуулугу б-ча цинк, коргошун жана барий К. башкасыныкы Моос шкаласы б-ча 3-4,5. Бардык К, туз жана азот к-тасы менен кошулганда көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. К. негизги өкүлдөрү (кальцит, доломит, сидерит) чөкмө түрүндө (биохим. же хим. чөкмө) деңиз түбүндө пайда болот да, калың катмарларды түзөт. Гидротермикалык (кальцит, сидерит, анкерит) жана магматогендик (карбонатит) ыкма м-н, о. эле окистенүү зоналарында (малахит, азурит, церуссит, смитсонит), үбөлөнүү кыртышында (магнезит) жана башка пайда болот. К. Кырг-да өтө көп. Алар негизинен хим. цемент ө. ж. үчүн сырье жана курулуш материалы (акиташ теги, мрамор) катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]