Доломит
Көрүнүш
Доломит – минерал, кальций жана магний кош карбонаты CaCO3×MgCO3, фр. геологу жана минералогу Д. Доломье (1750-1801) ысмынан коюлган. Металлургияда өтө чыдамдуу материал жана флюс катарында, курулуш иштеринде, силикат жана хим. ө. ж-да сырье катарында пайдаланылат. Д. уну менен топуракты акиташташат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6